KYRGYZ ETHNONYM IN THE OLD TURKIC/ UYGHUR 'HÜEN-TSANG BIOGRAPHY'(XI CENTURY)

Abstract

629-645-жылдардын аралыгында Чыгыш Түркстан, Борбордук Азия жана Афганистан аркылуу Индияга саякат жасаган Сюаньцзан чоң саякатчы, көрүнүтүү окумуштуу жана котормочу катары белгилүү. Сюаньцзандын өмүр-баяны жана Индия саякаты 650-жылдары шакирттери тарабынан өзүнчө бир эмгек катары жазылган. Кытайча жазылган бул эмгекти XI кылымдын башында, Чыгыш Түркстанда Шинку Шели Тутуң байыркы түрк (уйгур) тилине которуп чыккан. Байыркы уйгур жазуусу менен жазылган “Сюаньцзан биографиясында” байыркы түрк жер аттарын, элдерие жана тарыхына байланыштуу айрым баалуу маалыматтар орун алган. Булардын бири – бул кыргыз этноними. Кытай императору Тай-цзундун мыкты сапаттары баяндалган бөлүмдө кыркыз түрүндө орун алган бул этноним эки жерде учурайт. Биринчи текстте Тай-цзун Тибетти түгөл иликтеп, кыргыздарды толугу менен аңдап билип, түрктөргө, өсүмдүк кийимдүү элдерге жакшы жана адамгерчиликтүү мыйзамдарды жеткиргени үчүн алар ага баш ийип, белектерин жибере баштаганы айтылган. Экинчи текстте түндүктөгү элдердин, анын ичинде кыргыздардын Кытай бийлигине киргени баяндалган. Бул тексттердин жалпы мааниси боюнча кыргыздар – Улуу Кытай сепилинин түндүгүндө жашаган, Кытай үчүн ким экендиктерин билүү маанилүү болгон жана аларды каратып алуу Кытайга чоң кадыр-барк алып келген бир түрк эли.

Keywords
кыргыз этноними, Сюаньцзан биографиясы, Шинку Шели Тутуң, байыркы түрк (уйгур) тили.
Kaynakça